www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мечиттен 77 миң сом уурдады делген адам кармалды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында мечиттердеги садака кутучаларынан акча уурдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

20-февралга караган түнү белгисиз адамдар Сүлүктү шаарында жайгашкан "Нур-Вали" мечитиндеги темир сейфти бузуп, 77 000 сомдон ашуун акчаны уурдап кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Факт Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Кулунду айылындагы базардан мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 24 жаштагы К.Б. аттуу тургуну кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү шаардагы мечиттерге орнотулган садака кутучаларынын ичиндеги акчаларды уурдап жүргөндүгү аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости