www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--20 кытай ооруканага түшүптүр. Келген инвестордун башы көзүн талкалап качыра берсек, бизге ким келет дейм да. Анан эле инвестор издегенибиз бир укмуш. Чындыгын айтканда Солтон-Сарыдагы чырда Кытайларды күнөөлөп болбойт. Себеби алар бизди бастырып кирип алтын казып жаткан жери жок. Лицензия алып, мыйзамдагы баардык жол жоболордон өтүп анан өндүрүшкө өтүп иш баштаган кадимки эле компания. Эл болсо жайытын талашып жан тартып атат. Баягы эле кеп өзүбүздө болуп атат. Элге түшүндүрүү иштерин убагында жүргүзө албаган өкмөттүн чабалдыгы да бар. Ал эми бул жагдайда ортодон чыга калып элди дүрбөткөн бузукулар да жок эмес. Алардын максаты кандай экенин айтпасак да көбүнө түшүнүктүү. Эң негизгиси ошол ниети бузуктарга алдырбай, акыл калчап иш кылалы. Антпесек дүйнөгө уят болобуз, дейт Медербек Шерметалиев. 

Эске сала кетсек, аталган кен-байлыкка ээлик кылган “Юр-Азия в Кыргызстане” компаниясы 2004-жылы катталган. Бул кадимки эле жаз айында чуулгандуу уран кенин казып баштаган компания. 2010-жылы компания алтын кенин чалгындоо өткөрүүгө уруксат алып, 2011-жылы геологиялык чалгындоого лицензия алышкан. Ал убакта Кайрат Жумалиев министр болгон. Ошол эле жылдын май айында аталган компания Кызыл-Омполдогу уран кенин чалгындоого дагы лицензия алып, ага министр Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы Чунуев лицензиялык макулдашууга кол коюп, мөөнөтүн узартып берген. Акыркы жолу аталган кен-байлыкты казып иштетүүгө Зилалиев кол коюп, толук укук берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости