www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен дипломат болуп иштеп турган кезде кыргыздын коньягы тарыхта 1-жолу Орусияга экспортко чыкты. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Миграция кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси Медербек Ысманалиев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Артка бир кылчайуу
2005-жыл. Бир карын майды чириткен кумалактын окуясынан кийин эки мекендешим менен КР нын РФдагы Элчиси Апас Жумагуловго барып 2 маселе койдук:
1. Поезддеги жарандардын укугун коргоо;
2. Өзүбүздү өзүбүз тазалоо
- 1-маселени түшүндүм, 2-маселени кандай түшүнсө болот? - деп сурап калды.
300-400 адамдын ырыскысын качырган акмак жөнүндө айтып, ошого окшогондорду күтүп отура бербей Элчилик өзү депортация кылганга көмөктөшүш керек, антпесек, 5-10 жылда Кыргыздар эң жек көрүндү улутка айланаарыбызды айттым.
Элчиге жакты, колдоду. Ойлонуп туруп, 1 айдан кийин кабыл аларын айтты.
1 айдан кийин келип, 3-4 жолу аракет кылып, такыр кире албай койдук. Үмүтүбүз үзүлдү.
Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 2005-жылдын аягында Кыргызстанга кетүүгө мажбур болдум.
2006-жылы июнь айында Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Баш консулдугуна референт кызматына дайындалдым. 2007-жылдын жаз айларында атташе кызматына которулдум.
Мекендештердин көйгөйлөрүн эми мамлекеттик кызматкер, дипломат катары башка өңүттөн көрө баштадым.
Екатеринбургда иштеп жатып төмөнкү жакшы ийгиликтерге жетиштим:
- Баш консулдуктун иш-кагаздарын кыргыз тилине которууга чоң салым коштум;
2. кыргыз коньягын 1-жолу чет мамлекетке чоң көлөмдө экспортко чыгардым.
Менин функционалдык милдеттериме экономикалык дипломатия кирчү. Бир күнү Бишкекке иш-сапар менен келип, орус досторго белекке 4 бөтөлкө коньяк алып алуу үчүн «Шампанвинкомбинаттагы» дүкөнгө келдим. Коньякты алып заводдун директоруна кирүү оюма келди. Кирсем Асылбаева Гюльшат Кадыровна өзүндө экен. Таанышып, Коньякты Орусиялыктар жакшы көрөөрүн айтып, экспортко чыгаруу ниетимди билдирдим. Гюльшат Кадыровна күлүп «Вы, возможно 50 либо 100-человек, который это мне предлагает. Не получится» деди.
Мен болбой эле, аракет кылып көрөлү деп тура бердим. Акыры 1 коробка «Бишкек», 1 коробка «Кыргызстан» коньягын белек пакеттери менен акысыз эле берди. 24 бөтөлкөнү поездге салдым да, өзүм учуп кеттим.
Екатеринбургга барып, коньяктарды 1 шоколад менен пакеттерге салып, 5 вино-арак импорту менен алектенген компанияларга чалдым. 3 компаниянын коньячисттери жолугушуу ниеттерин билдиришти.
Жолугушууда үчөө тең Коньякты ачпай, сыртынан көрүп эле сүрөттөп, сактай башташты. Мурун такыр биздин коньяктарды ичишкен эмес экен. Даамын татышкандан кийин үчөө тең эксклюзив сурашты жана менин да кызыкчылыгым болоорун кыйытышты. Үчөөнө тең «Мен дипломатмын, мамлекетимдин өкүлүмүн. Мага эч кандай кызыкчылыктын кереги жок» деп Гюльшат Кадыровнанын телефондорун берип койдум.
2-3 күндөн кийин өзүм Москва шаарына «Кыргызстандыктардын I-Конгрессине» катышууга учуп кеттим.
Москвада жүрсөм Гюльшат Кадыровна «Медер, встречайте! Мы завтра вылетаем в Екатеринбург для заключения контракта с компанией Уралторгсервис» деп чалып калды. Тилекке каршы, мен ал мааракеге катыша алган жокмун.
Ошентип, Кыргыздын коньягы тарыхта 1-жолу Орусияга экспортко чыкты. Бир айда бир вагон менен 29 000 бөтөлкө сатылып жатты», - деп кошумчалаган Медербек Ысманалиев.
Булак: NazasrNews.kg