www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Меган Марклдын өзүнүн туугандары менен болгон мамилеси убакыт өткөн сайын жакшырган жок. Ал учурда апасы менен гана байланышып турат. Ал эми атасы менен эки жыл мурун ханзаада Гарриге турмушка чыгаардын алдында урушуп кеткен жана ошол бойдон экөөнүн мамилеси суук бойдон калган. Томас Маркл кызы ага көңүл бөлбөй жатканына таарынат.

Меган менен Гарри тактыдан жана падышалык милдеттерден баш тарткандан кийин, Томас анын кызы падышанын үй-бүлөсүн бузуп жатат деп айтып чыккан.

Ошондой эле, жакында эле берген интервьюсунда ал Меган жана анын күйөсүнөн катуу азап чеккендигин айткан. Ал кызынын үйлөнүү-тоюна катыша албаганына азыркыга чейин кыжаалат болуп жатат. Ал эми, Томас небересин бир да жолу көргөн эмес.

75 жаштагы Томас Маркл пенсионердин жашына келип калгандыктан  падышанын үй-бүлөсү ага кам көрүш керек.

“Акыр-аягы алардын бары мага карыз: падышанын үй-бүлөсү карыз, Гарри карыз жана Меган карыз. Мен башыман өткөргөндүгүм үчүн сыйланышым керек. Кызым мен каарыганда мени багам деген. Азыр мен карылыкка жеттим, атасын караганга убакыт келди”,-дейт Маркл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости