www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мейманкананы ысык суу каптап 5 адам каза болду

Орусияда мейманкананы ысык суу каптап, 5 адам каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда бүгүн, 20-январда Орусиянын Пермь шаарындагы, мейманкананын  ысык суу кеткен  түтүгү жарылып, 5 адам каза болду. Мындан тышкары,  3 адам андагы ысык сууга күйүп,  ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, мейманкана жайгашкан үйдөгү жылуу суунун түтүгү 58 жыл мурун орнотулган. Кырсык болгонго чейин, мейманканада оңдоо иштери жүрүп жаткан.

Пермдин губернатору бул чакан мейманкана көп кабаттуу турак үйдүн,  жер төлөсүндө жайгашкандыгын айтып, эвакуациялык чыгуу эшиги жок болгондуктан, адамдардын өлүмүнө алып келгендигин белгиледи.

Учурда кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости