www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президент Жапаровго кайрылып, эки кабаттуу мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчы аны менен жолуга албай турганы айтылган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров видеобайланыш аркылуу балбайлык окуучу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Баарлашуу кечээ, 16-февралда, болгон.
"Президент окуучу бала менен видеобайланыш аркылуу сүйлөштү. Экөө таанышып, баарлашты. Өлкө башчы обочолонууда болгондуктан Бекболот менен жолуга алган жок. Москвадан келгенден кийин сөзсүз жолугат", — деди маалымат катчысы Галина Байтерек.
Ал президент балага белек-бечкек да берип жибергенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Балбай айылында жашаган сегиз жаштагы окуучу соцтармак аркылуу Жапаровго кайрылып, эки кабаттуу мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, айылдын балдары жаңы эле кадимки форматка өтүп окуй башташкан, бирок имарат көгөрүп кеткендиктен кайрадан аралыктан окууга өтүшкөн. Ошондон кийин Бекболот Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Бирок президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарына даярдык көрүп обочолонууда экенин, ушу тапта аралыктан иштеп жатканын айткан. Мындан улам анын иш графигинде окуучу менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Булак: NazarNews.kg