www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздүн мектептеринде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде мугалимдердин жана кызматкерлердин айлык акысын эсептөө толук автоматташтырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Анда айтылгандай, санариптештирүү жылынын алкагында, жакын арада министрлик мектеп мугалимдеринин айлык акысын эсептөөнү толук автоматташтырууга өткөрөт. Учурда бул багытта даярдык иштери жүрүп, программалык камсыздоо үчүн техникалык талаптар иштелип чыкты.

Ноябрь айынан баштап бул система Ысык-Ата жана Түп райондорунун, Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өтөт. Ал эми өлкөбүздөгү ушуга тиешелүү бардык бухгалтерия кызматкерлери семинар-окуулардан өтүшөт.

Ал эми 2020-жылдын 1-январынан баштап республикабыздагы бардык мектептерде, бала бакчаларда, кесиптик лицейлерде, балдар чыгармачылык борборлорунда айлык акыларды берүү иши толук автоматташтырылган форматка өтөт.

Айлык акыларды автоматташтырууга өткөрүү менен эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле негизсиз маяна алып жүргөндөр ачыкка чыгат жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачылат. Тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат. Бухгалтериялык ишмердүүлүк өркүндөтүлөт.

Октябрь айынан баштап мектептерде, бала бакчаларда, балдар чыгармычылык борборлорунда, баштапкы кесиптик-техникалык окуу жайларда иштеген мугалимдердин жана кызматкерлердин айлык акысы 30 % көбөйтүлдү. Ар бир мугалимге айлыктарын жана кошумча маяналарын так жана туура, ачык-айкын эсептөө үчүн бардык билим берүү бөлүмдөрүндө кызуу иштер жүрүп жатат.

Мугалимдер өздөрүнүн айлык акыларынын көбөйтүлүшү боюнча тиешелүү бухгалтериялардан тактап маалымат алышууда. Ноябрдын башталышында ар бир мугалим көбөйтүлгөн айлык акынын көлөмүн сезилээрлик билет.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости