www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектептер ачылабы? Новиков ата-энелер менен жолугат

Биринчи вице-премьер Артём Новиков борбор калаадагы мектептердеги окуучулардын ата-энелери менен жолугушуп, билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу маселесин талкуулоону пландап жатат.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Новиков борбордогу мектептер менен бала бакчалардын ишин этап-этабы менен калыбына келтирүү боюнча кеңешме өткөргөн.

Мэриянын өкүлдөрү аткарылып жаткан иштер жана билим берүү процессин салттуу форматта жандандырууга даярдыгы жөнүндө айтып беришкен.

«Мектептердин жана бала бакчалардын ишин жандандыруу калк үчүн маанилүү. Жакынкы күндөрү окуучулардын ата-энелери менен жолугушуп, ушул темада талкуу жүргүзүүнү пландап жатам. Бул иштерди аткарууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталышын камсыз кылуу маанилүү», — деген Новиков.

Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте «Мектеп медицинасы» долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык эсептөө жүргүзүүнү тапшырган. Министрлик бир жуманын ичинде каржы булагын да аныкташы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости