www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Мырзакматов  кайтып келди

10-ноябрь күнү NazarNews.kg сайтындаМотуевдин чымыр денесин тарткан Мырзакматов илбирс секиригине камданууда” – деп жазганбыз.

Анда Мырзакматовдун кадыр-баркы Ошто дагы деле күч. Анын баркын 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясы жакшы эле пайдаланып, “үйлөнө” калып, Жогорку Кеңешке тыпыйып өтүп кеткен. Учурда парламентте эң аз сандагы фракция. Эгерде Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” куу-мүнөз Текебаевге алданып калбаганда азыр парламентте “Ата Мекен” партиясынын жыты дагы жок болмок деген элек. Ошондой эле ал эки-үч жыл мурун социалдык тармактарда өтө активдүү боло баштап эле кайра көптөн бери көрүнбөй кеткендигине көңүл бурганбыз.

Ошондо айрым маалыматтарга ылайык ал жакында “Арстан, жолборс эмес, илбирстин секиригине” камданууда – деп жаздык эле. Мына эми анын далили. Ал тууралуу акырындык менен макалалар жайгаштырылып, социалдык тармактарда активдүүлүгүн көрсөтө баштады. Ошентип, Мырзакматов жаңы образда кайра интернет мейкиндигине  кайтып келди.  

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости