www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаардык жаштар комитети жана “Ыйык Ата Журт” коомдук фонду тарабынан жаштарды үй-бүлө курууга болгон даярдыгын арттыруу максатында 3 айлык акысыз курс баштады. Ага кызыккандардын саны артып, биринчи эле күнү жаштар күтүлгөндөн да көп катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Уюштуруучулардын айтымында, жаштарда жетиштүү деңгээлде билим тажрыйба жоктугуна байланыштуу акыркы учурларда үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулуктар күч алууда. Окуу курсун уюштуруунун негизги максаты да келечекте коомдогу бекем үй-бүлөлөрдү түптөлүшүнө салым кошуу.
Мында катышуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө чектөө коюлбай, балдар менен кыздар өзүнчө окутулат. Үч ай алкагында тандалып алынган адистер тарабынан үй-бүлө күтүү жана аны пландаштыруу боюнча теориялык жана практикалык сабактар өтүлөт. Анда жаштарга билим берүү менен гана чектелип калбай, кол өнөрчүлүк, ашкана сырларын жана башка жашоого керектүү пайдалуу өнөрлөр да үйрөнө алышат.
Булак: NazarNews.kg