www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө №157 жарлыкка кол койду. Жарлык 2024-жылдын 17-июлундагы №191 жарлыгы менен бекитилген.

Документ программага катышуу шарттарына жана аны ишке ашыруу тартибине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизет.

Программанын катышуучулары. Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү — томолой жетимдер жашы жеткен учурдан баштап программага катышууга укук алышты. Өз үйү бар жарандарга да учурдагы турак жайды капиталдык ремонттоо жана кеңейтүү механизмдеринин алкагында программага катышууга уруксат берилди.

Баштапкы төлөм. Багыттар боюнча баштапкы төлөмдүн минималдуу өлчөмдөрү белгиленди: «Социалдык ипотека» боюнча — турак жайдын наркынын 10% дан кем эмес, «Жеңилдетилген ипотека» жана «Жеткиликтүү ипотека» боюнча — 20% дан кем эмес. «Топтоо ипотекасынын» алкагында МИКтин өнөктөш банкындагы депозиттик эсепте турак жайдын 30%дык наркын топтоо талап кылынат.

Мамлекеттик органдар үчүн квоталар. МИКтин турак жай фондун түзүүгө катышкан министрликтерге жана ведомстволорго программанын катышуучуларынын тизмелерин түзүү жол-жобосун колдонбостон турак жай каржылоосун алууга биринчи кезектеги укук берилет. Квота Бишкектеги конкреттүү объектидеги жалпы батирлердин санынын 10%ына чейин, ал эми аймактарда — 20%ына чейин түзөт.

Жеке өнөктөштөрдү тартуу. Турак жай курулушунун камтуусун тез арада көбөйтүү максатында, МИКтин директорлор кеңешинин чечими боюнча түз сүйлөшүүлөр аркылуу, сынак процедураларын өткөрбөстөн жеке өнөктөштөрдү тартууга жол берилет.

Арыз берүү. Жарандар программага катышууга арыздарды МИКтин расмий сайты, «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызматтар порталы, ошондой эле башка тиркемелер аркылуу электрондук түрдө бере алышат. Байланыш операторлорунун мобилдик тиркемелери аркылуу алыстан онлайн-идентификациялоо мүмкүнчүлүгү каралган.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Последние новости