www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жүргүнчү ташуучу машруттук таксилерге камера орнотууга милдеттендирди.

Мэр 3 ай ичинде машруттук таксилерге камера орнотууга тапшырма берди. Мындай жаңылануу чөнтөк уурулугу менен күрөшүүдө маанилүү роль ойношу керек. Мэриянын маалымат кызматынын маалыматына караганда, камераларды орнотуу иштери линияларды карган жеке фирмаларга жүктөлөт. Шаардык транспортту башкармалыгы жеке фирмалардын жетекчилерине жана айдоочуларга камераларды орнотуу милдеттүү экендигин түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Ошондой эле, видеобайкоолорду көчөлөргө, көп кабатуу үйлөрдүн кире беришине орнотуу керек.

Бул маселе боюнча мэр Азиз Суракматов вице-мэр Максим Ситниковго акимдер менен иштешүүгө буйрук берди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости