www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык мэриясы шаардыктардан коронавирус оорусунун алдын алуу чараларын сактоону өтүндү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг учурунда билдирди.

«Курч дем вирустук ооруларынын жана коронавирус оорусунун алдын алуу чаралары жумуш ордундагы кызматкерлерге жана келгендерге колду жууп туруу үчүн шарттарды, суу жана самындын жеткиликтүү болушун үзгүлтүксүз камсыздагыла.

Жумуш орундарындагы кызматкерлердин колдорун тазалоо үчүн спирт камтылган антисептик куюлган диспенсерлердин болушу керек. Жумушчу жабдууларды эмерек, техникаларды жана тез-тезден колдонуучу буюмдарды ар бир эки саатта дезинфекциялоочу каражаттар менен сүртүп тургула.

Жумуш учурунда бөлмөлөрдү тез-тез желдетип, жумуш убагында чүчкүрүү, жөтөлүү гигиенасын сактагыла. Коронавирус оорусунун белгилери болгон жөтөл, дене табынын көтөрүлүүсү, дем алуунун начарлашы бар кызматкерлерден үйдө калууну өтүнгүлө.

Кызматкерлерге көп сандаган адамдар катышкан иш-чараларды өткөрүүнү чектөөнү сунуштагыла. Адамдар көп топтолгон жерлерге барбоо, коомдук транспортто гигиенаны сактоону өтүнөбүз. Сиздердин ден соолугуңуздар өз колуңуздарда», - деди Рыскулбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости