www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жумада 65 жашын белгилеген Ангела Меркель жылдагыдай эле маалымат жыйын курду. Анда журналисттердин көбү Германиянын канцлеринин ден соолугуна кызыгышкан. Анткен менен ал өзү тууралуу айтуудан баш тартып, анын ордуна адатынча Орусияны сындап туруп алды.
Анда, Меркель Орусия менен жакшы мамиледе калгысы келерин белгилейт. Бирок, ошол эле учурда, Владимир Путинди Европанын саясатына кийлигишпөөгө кеңеш берди жана ЕС ичиндеги “популисттик” партияларды колдобоого чакырды.
Айтмакчы, канцлер медициналык текшерүүлөрдөн баш тарткан жайы дагы бар. Анын себебин өзү “менин ден-соолугум боюнча жеке өзүмдүн кызыгуум жетиштүү. Кийинчерээк башка жашоо башталарына ишенем. Мен аны жакшы ден соолукта өткөргүм келет” деп түшүндүргөн.
Белгилүү болгондой, Меркель талма оорусунан көп жабыркайт. Анын эл алдына чыкканында, денесин билинерлик калтырак басып, титреп турганын байкоого болот. Акыркы айда канцлер эл алдына көп чыкпай калгандыгына тынчсызданган маалымат булактар дагы бар.
Булак: NazarNews.kg