www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин кызматкерлери КРнын ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери  менен биргеликте кызмат адамына пара берүү аракети үчүн Ш.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма  сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Бишкек шаарынын Ленин РИИБге Ж.Ч. жана Т.М. аттуу жарандардан эки арыз түшүп, алардын негизинде кылмыш иштери козголуп, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ш.С. аттуу жаран аталган кылмыш иштеринин фигуранты болуп, оор кылмыштар категориясына кирген иштер боюнча кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында аларды токтотууга аракет кылып, милиция кызматкерине акча каражатын сунуштаганы аныкталды.

Милиция кызматкери бул факты тууралуу дароо жетекчиликке кабарлаган. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында пара берүү учурунда 1994-жылы туулган Ш.С. кармалды.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү  Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция эскертет, кызмат адамдарына пара берүү, анын ичинде кылмыштар боюнча кылмыш жоопкерчилигинен качуу же мыйзамсыз чечимдерди кабыл алдыруу максатындагы аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Тергөө иштери уланууда.


 

Последние новости