www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи Май РИИБи кармалган бийчи Жан Воинов боюнча маалымат берди.
Маалыматка караганда, ал бейбаштык фактысына шектелип кармалган. «30-июнда Биринчи Май РИИБге Ж.Т. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринде В.Ж., аттуу жаран коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин атайылап жана одоно бузуп, негизсиз түрдө дене жаракаттарын келтиргендигин билдирген.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-(Бейбаштык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган В.Ж., аттуу шектүү аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.