www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министрлик креслого олтургандан бери ызы-чуудан башы чыкпаган Эркинбек Чодуев болбогон бир шылтоолор менен мекемедеги кызматкерлердин кимиси тилин албаса, бир чекеден иштен шыпырып жатыптыр. Бул боюнча аталган министрликтеги, «Жайыт, мал-чарба жана балык чарба» департаментинин жетекчиси Бакытбек Мамытканов тайманбастан айтып чыгып, жумуштан мыйзамсыз алынганын шардана кылды.

Ал өз сөзүндө: «Министрдин жакын кишилери 3-4 жолу арызыңды жаз дешти. Иштеп жүргөндөр башыңды оорутпай кичине тыйын берип кой дешти, мындай сунушту айдоочусу дагы айткан, менин бергим келген жок. Анан бир күнү Чодуев кеңешчиси менен мени чакырып: «Өз каалоом менен кетем деп арыз жаз, премьер-министрге сөз берип келдик, үч айдын ичинде иш көргөзө албасак барыбыз жумуштан кетебиз»-деп, мени мажбурлашты. Анан мени командировкага жөнөтүшүп, кетээрим менен «өз каалоосу менен жумуштан кетти» деп жарыялаптыр. Мен өз каалоом менен кеткен эмесмин, бул Чодуевдин алдамчылыгы» дейт Мамытканов. Жүргөн жерине чөп чыкпаган министр Эркинбек Чодуевдин таянганы таңкабы? Бу эргулга эмнеге чара көрө алышпайт, ыя?-деп  "De-Факто" гезити жарыялады

Булак: NazarNews.kg

Последние новости