www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 17-октябрында Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Венгриянын тышкы экономика жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Кыргыз-Венгрия Стратегиялык кеңешинин Бешинчи жыйынын өткөрдү.
Жыйындынын күн тартибине ылайык, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк рухунда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-мажар кызматташуусун тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Тараптар өлкөлөр ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун жигердүү мүнөзүн канааттануу менен белгилешти. Ушул контекстте өз ара кызыкчылык туудурган сапарларды жана башка эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу маселелери каралды.
Тараптар парламенттер аралык кызматташуунун ырааттуу чыңдалып бара жатканын кубануу менен белгилешти. Тышкы иштер министри Ж. Кулубаев 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого даярдык тууралуу маалымат берип, жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүүдө жаңы санарип технологияларды колдонуу өзгөчөлүгүнө көңүл бурду. Ал мажар тарапка парламенттик шайлоолорго эл аралык байкоочу катары, эки тараптуу да, көп тараптуу форматтарда да өкүлдөрүн жөнөтүү сунушун билдирди.
Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды мындан ары кеңейтүү максатында жакын арада Кыргыз-Мажар Экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жана Кыргыз-Мажар Бизнес кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынды. Энергетика, транспорт, айыл чарба, технологиялар, экология жана билим берүү тармактарында өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Тараптар Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун учурдагы ишмердигин карап чыгып, анын эки өлкө ортосундагы инвестициялык өнөктөштүктү тереңдетүүдө макулдашылган долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүү ролун тастыкташты.
Маданий-гуманитардык маселелерге, анын ичинде билим берүү жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап венгр тарапка “Stipendium Hungaricum” программасынын алкагында кыргыз студенттерине Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн жыл сайын берилүүчү квота үчүн ыраазычылык билдирди. 2025-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында Кыргызстан менен Венгриянын жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн Экинчи Кыргыз-Венгрия Ректорлор конференциясынын жыйынтыктары канааттануу менен белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж. Кулубаев өлкөдө алдыда өтө турган ири иш-чаралар жөнүндө маалымат берип, анын ичинде 2026-жылы өтө турган Алтынчы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына, 2027-жылы өтө турган Экинчи Глобалдык Тоо саммитине ("Бишкек+25"), ошондой эле 2028-жылы белгилене турган дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине венгр тарапты катышууга чакырды.
Министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча ар тараптуу пикир алышып, БУУ, ОБСЕ, ТҮРКСОЙ, ЕБ сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин да талкуулашты.
Жыйындын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Венгриянын тышкы экономика жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2026–2028-жылдарга карата эки тараптуу кызматташтык боюнча тиешелүү Протокол жана "Жол картасына" документине кол коюлду.