www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун мурдагы прокурору Абай Бекбоевге 2019-жылы 20-майда кылмыш иши козголгон.
Ага бир нече айыл өкмөт башчыларынан опузалап акча талап кылып жатат деген арыздан кийин ээлеген кызматынан убактылуу четтетилгенин, kaktus.media укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен жазып чыккан.
Ал турга ал арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кийинчерээк иштин материалдары тергөө үчүн УКМКга өткөрүлүп, ал жерде кылмыш иши козголгон.
Башкы прокуратура Абай Бекбоевге карата КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Пара талап кылуу» беренелери боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу боюнча УКМКнын чечимин жокко чыгарып, ишти жаңыдан тергөө үчүн УКМКга жибергенин билдирген.
Жыйынтыгында Бекбоев козголгон кылмыш ишине байланыштуу 2019-жылдын 3-апрелинде Ысык-Ата районунун прокурору кызматынан бошотулган.
Кызыгы учурда Абай Бекбоев кайрадан майлуу-сүттүү кызматка орношуп, Жалал-Абад обулусуна караштуу Базар-Коргон районунда прокурор болуп иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү.
“Кактустун” маалыматына таянсак, Абай Бекбоев буга чейин Бишкектин Свердлов районунун прокурорунун орун басары болуп иштеп келген. Андан кийин анын аты караңгылатылган жол тандабас унаасы менен МАИ кызматкерлерине баш ийбей, качып кеткени үчүн маалымат каражаттарында айтылган.
Кошумчалай кетсек, Абай Бекбоев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Адилет Бекбоевдин иниси.