www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде 22-августта курулуш иштеринин жүрүшүндө болгон жаңжал тууралуу маалымат тарады.

Анда мушташка Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана курулуш министри Нурдан Орунтаев катышкан деп айтылды.

Кийинчерээк социалдык тармактарда жаңжал учурунда тартылган видео тарады. Анда эки адам кайым айтышып жатканын жана алардын бири экинчисин өзүнө кол көтөргөн деп айыптап жатканын көрүүгө болот.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, 22-августтагы окуя тууралуу маалымат Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, анын негизинде тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө окуянын катышуучулары эч кимде арыз жана доо жок экенин билдиришкен. Учурда текшерүү улантылууда», — деп маалымдашты Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

Кийинчерээк бул кырдаалга Эрмат Жумаев да комментарий берди. Анын жанында жаңжалдын катышуучуларынын бири Данияр Айболотович болгон.

Данияр Айболотович өзүн «Манас Ордо» комплексиндеги курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы компаниянын директору катары тааныштырды. Ал 22-августта болгон окуяны «иш процессиндеги кадимки жагдай» деп атап, тараптар маселени өз ара чечип алышканын айтты.

Ошондой эле ал Эрмат Жумаев мушташка катышкан деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, президенттин өкүлү мушташкан эмес, тескерисинче жаңжалдын катышуучуларын ажыратууга аракет кылган.

Эрмат Жумаев да жаңжал чындап болгонун тастыктап, бирок ага Данияр Айболотович менен жумушчунун ортосундагы түшүнбөстүк себеп болгонун билдирди. Анын айтымында, кийинчерээк тараптар өз ара тил табышып, маселени жөнгө салышкан.

Последние новости