www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен областындагы коомдук саясий абалды турукташтыруу, коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун толук камсыз кылуу, Тажикстандын укук коргоо органдары менен биргеликте эки тарапта тең түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү жана чек ара кызматтары менен бирдикте чек ара аймактарында коомдук тартипти сактоо максатында кайгуул иш-чараларын күчөтүүнү колго алуу жана ички иштер органдарынын ишин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Баткен областына келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 9-январдан 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш атылып, терезелерин талкалап салышкан. Ошол эле күнү саат 01:10 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Кара участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Баткен районунун Кара-Бак айылына караштуу Достук айылынын тургуну 25 жаштагы М.Шга таандык болгон “Фольсваген Гольф-4” үлгүсүндөгү унаасына таджик жарандары таш ыргытышып, унаанын терезелерин талкалап салышкан. Аталган маалыматтар Баткен РИИБнын кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иш чаралар, териштирүү, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Андан сырткары саат 02:40 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында Таджикстан тараптан белгисиз ок атуучу куралдан ок атылган. Азыркы учурда ок атуучу куралдан жаракат алып, кайрылган атуулдар жок. Түнү менен милиция кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундарынын коопсуздугу эске алынып ошол эле айылда жайгашкан Ш.Г. атындагы орто мектебинин имаратына убактылуу көчүрүлдү Аталган окуя болгон аймакта Баткен райондук жана областык милиция кызматкерлери, милициянын атайын полкунун жана ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын жоокерлери күчөтүлгөн режимде чек ара кызматы менен бирдикте коомдук тартипти көзөмөлгө алышып, жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Азыркы учурга кырдаал тынч, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости