www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков эл өкүлдөрү кыргыз тилинде туура эмес сүйлөп жатканын билдирип, «парламентти бүт кыргыз эли карап отурат. «Депутаттар, кыргыз тилинде туура эмес сүйлөйсүңөр» деп кайрылгандар бар. Кээ бир депутаттар «барайлы, алайлы, берейли» деп сүйлөшсө, айрымдары «баралы, алалы, берели» деп сүйлөшөт. Ушунун кайсынысы туура?» деп сурады.

Филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев ушунун баардыгы китепте эрежелери менен жазылып турганын эскертти. «Ошол китепти окуган киши жок болуп жатат. Анын эмнесин жашырабыз? Министрлер, депутаттар тил эрежелери жазылган китепти окушпайт. Элдин алдына чыгам деген адам өзү өнүгүшү керек. «Баралы, алалы, берели» деп сүйлөгөн туура болуп эсептелет» дейт Мусаев.

Булак: "АЗИЯnews"

 

Последние новости