www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байкем жакында эле үйлөнгөн. Кыз менен эки ай сүйлөшүп, колдон алып келгенбиз. Калың жакшы бергенбиз: бир жылкы, 100 миң сом. Үйгө келип, айылга, кошуналарга, туугандарга той бердик. 19-февралда дагы бир чоң той берилмек. Ресторанга сүйлөшүп, боорсок жасалып, мал союлуп, элдин баарына чакыруу таратылып калган эле. Анан таңга маал ызы-чуу болуп калышты. Турсам, келин качып кетиптир.

Көрсө, башка жигити бар экен. Ал түндө келип, качырып чыгарып кетиптир. Эртең менен ата-энеси келип кечирим сурап, калыңды берип, «үйгө жигити ачуубасар жибериптир, кечиргиле» деп келип кетишти. Биз канча деген чыгым болдук?!

Байкем жакшынакай жигит, намаз окуйт, жогорку окуу жайын бүткөн. Үйү, машинасы бар. Тойдон кийин өзүнчө бөлүнүшмөк. Эми сотко берсек болобу? Кыздар, күйөөгө тийгенде ойлонуп тийгилечи? Бирөөнүн жашоосун бузуп, тагдырын талкалабагылачы?

Аллах баарын көрүп турат, бизден качса да Аллахтын сурагынан кача албайт да... Эх, апамдын калчылдап ыйлаганы, байкем улам бетин карга жууп, өңү бозоруп отурганы, атам бир чекити тиктеп отурганы, туугандар каргап-шилеп, жини келгени эсимен кетпей отурам...

Мира

Последние новости