www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жубайынын иштөөсүнө каршы чыккан эркектерди сындады.

Мирзиёев Наманган облусуна жасаган иш сапары учурунда ишканалардын бири менен таанышып, анда аялдардын ишке орношуусу тууралуу кеп кылды. Ишкананын ээси менен маектешип жатып, жубайларын иштетпей коюу сыяктуу түшүнүктөрдү жоюу үчүн ар бир ишканада ыңгайлуу шарттар болушу керектигин белгилеген.

«Күйөөсү уруксат бербей койсо, — деп жатасыңар. Наманганда азыр ушундай түшүнүк калыптана баштаптыр, биз муну менен күрөшүшүбүз керек. Аялдарыбыздын укуктары да баары менен тең болуп, өздөрүнө ылайыктуу, шарты жакшы жайларда иштей алышы зарыл. Мына сиздей ишкерлер 20-30 чакты аялга жумуш ордун түзө берсе, мен бул маселелерге ойлонбостон, мамлекеттик иштер менен алек болом», — деп кошумчалаган Өзбекстандын президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости