www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бийлик бутактарындагы жемкорлор менен күрөшүү үчүн саясий элитаны тазалоо керек» — деп күпүлдөп жатасыз. Демек, эски саясий элитаны тазалоо үчүн бийлик бутактарындагы кадр саясатын түп тамыры менен оодаруу керекпи?
-Кеп бийлик бутактарында же Жогорку Кеңеште отурган депутаттардын кимиси Акаев, Бакиев, Атамбаев бийлигинде иштегенинде эмес, кеп башкада болуп жатпайбы. Беш жылда бийлик менен кошо позициясы алмашкан эргулдарды бийлик бутактарынан тазалоо керек. Улам бир жаңы келген бийликти жандай, сын айтпай, сый көрсөтүп жүрүп кызмат алып, коррупциялык жол менен байыгандар четтен чыгат. Дал ошол бийликти мактап жүргөндөр бийликке келип, беш жыл жетип-жетпей кийинки келе турган бийликке жагынуу максатын көздөгөндөр жок эмес. Биз айтып жаткан Акаев, Бакиев, Атамбаевдин камчысын чаап жүргөндөр бүгүнкү күндө Жээнбековдордун бийлигине кызмат кылып жүрүшөт. Биз булардын коррупциялык системасын гүлдөтүп койгон топтон чыга албай келебиз. Бүгүнкү күндө биз кара кылды как жарып, аксакал катары калыс кебин айткан адамга суусап турабыз. Биз жарыбаган тыйын үчүн жеке кызыкчылыкты жогору койгон «дежүр» чалдардын эмес, аксакалын жайкалткан карыянын калыс кебин кулак түрө уксак кана. Кошоматчылыктын ыкмасына салып, жеке кызыкчылык үчүн элдин кызыкчылыгын тебелеп-тепсеген адамдарды саясий элитадан тазалоо керек. Бийлик бутактарындагы кадрларды тазалоо тенденциясын жүргүзүү зарыл.
—Бирок, маалымат айдыңында сизди «Бабановду сызга отургузуп, сатып кетти» — деп жазып чыгышты. Саткындык дагы жаман сапат го?
-Ортодо бузукулар болгон. Бирок алардын максаты ишке ашкан жок. Өмүрбек Бабанов менен учурда тарапташ, табакташ катары байланышып турам. Бирок, ал адам азырынча саясатка аралашпай турганын айтты. Анткени, президенттик шайлоо алдында Өмүрбек Токтогуловичке ар кандай жалаа жабуулар болгон, мына ошонун баары жокко чыгышы керек. Партиянын иши токтоп калган жок, тескерисинче, 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында берген убадаларды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө шайлоочулар менен тыгыз байланышта иш алып баруудабыз.
Булак: "Ачык саясат"