www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчынын кулуну Марат Акатов Тоңдун Кызыл-Омполундагы уран кенин каздырбоо маселесин көтөрүп чыкпаганда, кемпай бийлик бул маселени да Азис Батукаевди "узатып жиберген" сыңары ишти тымызын бутүрө бермек экен. Ошентип маселе митингдер менен коштолуп, Жогорку Кеңеш, андан соң президент Сооронбай Жээнбеков "уран казылбайт" деп маселени "үтүктөгөндөй" болушту. Маселе бул боюнча мыйзам кабыл алынып, аны президент кол коюуда калды. Кыргызстанда маселе митингсиз чечилбей калганбы? "Кытайлар кетсин", "түкурүккө 5 миң сомго каршыбыз", "гейчилердин парады", "Жапаров, Текебаев, Чотоновго эркиндик" сыяктуу митингдер эсте.

2010-жылдагы Конституция боюнча оппозицияга расмий укук берилип, "мындан ары бардык маселелер митингсиз чечилсин, элди көчөлөргө, аянттарга алып чыкпайлы, аларга каршы милиция, армияны колдонбойлу, бардык талаш-тартыштар Жогорку Кеңеште, микрофон алдында чечилсин" деп чечпедик беле? Коалицияга кирбеген фракциялар оппозицияда болуп, аларга Жогорку Кеңештин эң салмактуу каржыны көзөмөлдөгөн жана коррупцияга каршы күрөшө турган 2 комитетин жетектөө берилет деп мыйзамдаштырбадык беле?

Тилекке каршы 2010-жылдан бери оппозициянын "ролун аткарган" партиялар менен фракциялар өз милдеттерин жакшы аткарбагандыктан, коом ичиндеги адилетсиздик кайрадан элди митингдерге алып чыгууда. Демек кыргыз өкмөтү сааттай болуп "чики-чик" иштей албай жатат, натыйжасы мына - Кыргызстанда быйыл 3 айда 136 митинг болуп өттү. Мунун 92си - экономикалык жана турмуш-тиричилик маселелери, калганы саясий маселелер. "Парламенттик башкаруудагы өлкөбүз" дейди десек - Жогорку Кеңешибиз - тоок карама. Топурап тойго барганды, томпоюп тоюп алганды жакшы өздөштүргөнбүз.

Машакбай РАХМАНКУЛОВ

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости