www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция менен күрөшүүчү көз карандысыз орган Монголиянын жогорку кызматтагы чиновниктеринин 2018-жылдагы кирешеси жана мүлктөрү тууралуу отчетун жарыялады.

Ал маалыматта, аталган өлкөнүн президентти Халтмаагийн Баттулга 343 миң долларга бааланган 2 батирге, 106 миң долларлык Lexus LX570 үлгүсүндөгү унаага жана 14,9 миң доллар аманат эсебине ээлик кылат. Ошондой эле президент Баттулганын өздүк кирешеси 2017-жылы 7200 доллар, 2018-жылы 15401 доллар деп көрсөтүлсө, үй-бүлөсүнүн кирешеси 2018-жылы 6777 доллар, 2017-жылы 9 миң доллар деп көрсөтүлгөн.

Өлкө башчы 2018-жылы 4,5 миң долларга жылкы сатып алган. Ошондой эле ал 17 компания жана кооперативде акционер.

Баттулга президент болгуча эле миллиард экени айтылып келген.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости