www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада мекендештерин опузалап ири акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-майда Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы Новогиреево району боюнча бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 37 жаштагы Кыргыз жараны кайрылган. Ал жакын тууганы 1998-жылы туулган А. уулу Н.ди белгисиз адамдар уурдап кетип, 150 миң рубль акча талап кылып жатканын билдирген. 

Бул факты ички иштер органдарында укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды каттоо китепчесине катталган.

Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Головинское шоссе көчөсүндөгү батирлердин биринен А. уулу Н. жана дагы бир Кыргыз жараны 2000-жылы туулган Н.Д. да табылган. Кылмышкерлер экинчи жабырлануучудан 300 миң рубль талап кылып, экөөнү тең сабап, тапанчага окшош буюм менен коркуткан. 

Кылмыш ишине шектелип адам уурдоо, опузалап талап кылуу жана карыз өндүрүү менен алектенип келген алты Кыргыз жараны кармалган. Алар Ысык-Көл жана Нарын облусунун тургундары: 1996-жылы туулган И.А., 1995-жылы туулган Т. уулу А., 1997-жылы туулган М. уулу Э., 2000-жылы туулган Ы. Б., 1999-жылы туулган Ж. Р., 2001-жылы туулган Б. уулу А.

Бул факты боюнча Москва шаары боюнча тергөө комитетинин аймактык бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 2-бөлүмү (Эркинен мыйзамсыз ажыратуу) 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) жана 126-беренесинин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Сот тарабынан жогорудагы алты жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. 

Тергөө ишинин жүрүшүндө шектүүлөр 10-майда ошол эле батирге Жалал-Абад облусунун 1983-жылы туулган Ж.А.ны күч менен алып келип, андан 1 миллион рубль талап кылышкан.

Бул факты боюнча  Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүгү (Адам уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, айыпталуучуларга жактоочулар берилип, тергөө амалдарына котормочулар да тартылууда. Камакка алынгандардын ушул сыяктуу башка оор кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү менен  КМШнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун директорунун Кыргыз Республикасынан орун басары А.Алиев тарабынан биздин өлкөнүн жарандарынын укукка каршы аракеттерин алдын алуу жана келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоо максатында алдын алуу иштерди жүргүзүлүүдө. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости