www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурлан Мотуев эркиндикке чыкканын Фейсбук баракчасы аркылуу жарыялады. Өзүнүн айтымында, жабык камерада өткөргөн 1 жыл убакытта спорт менен машыккан.

"40 000 жолу "отжимания" жасап, 80 км чуркадым. 3*5 метр сейилдөөгө арналган тордон жасалган камерада күнүнө 80 жолудан чуркап турдум. А мени камаган, мурунку начальник Тимур Анаркулов инсульттун оор түрүнө кабылып, чалажан болуп калды. Менин каргышым тийди деп, мен анын бетине айттым,"- деп жазып чыкты Нурлан Мотуев. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты тастыктап, Н.Мотуев жатак абакка которулганын маалымдады.

Мыйзам боюнча жатак абактагы адам кайтарууга алынбайт. Бирок ал каттоого туруп, белгиленген убакытта өзү тууралуу маалымат билдирип турушу керек.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости