www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын апрелинде президент Жээнбеков Жогорку Кеңештин алдында элге кайрылып,  күзүндө мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөрүн баса белгилеген. Буюрса бул убада ишке ашмай болуптур, бир гана премьер Абылгазиев мугалимдердин эмгек акысын мен көтөрүп жатам деп көпчүлүккө өзүн-өзү пиар жүргүзүп жатат.

Мугалимдерге саатына карата акча төлөнө тургандыктан, ставканы 30 пайызга көтөргөнү турушат. Буга  2019 жылы 2 миллиард 309,6 миллион сом, в 2020-жылы — 6 миллиард 928,7 миллион сом кетет экен.

Мурун мугалим 20 саатка 12, 7 миң сом алышса,  айлык көтөрүлгөн соң 17 миң сом алып калышат. Бала бакчанын тарбиялоочулары 13,3 миң сом алышса 17.7 сом алып калышат.

Учурда билим берүү тармагында 120 миң кызматкердин эмгек акысы жогорулайт, алардын ичинде:

— 74,7 миң мугалим;

— 7,6 миң бала бакчанын тарбиялоочулары;

— 3,6 миң кесипчилик окуу жайынын мугалимдери;

— 7,4 миң окуу жайларынын жана колледждин окуутучулары;

— 23,3 жана башкалар.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости