www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Москва шаарындагы мектептердин биринде,  окуучу бала мугалимине кол салган. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Москванын мектептеринин биринде окуган окуучу, физика сабагынан берген 61 жаштагы мугалимге  үзүлүп калган кылакчыны үчүн кол салган. Физика сабагы учурунда,  8-класстын  окуучу кулакчын менен музыка угуп отурган. Окуучуга мугалим  сабакка көңүл буруусун айтып, эскерткен.

Бирок,  окуучу мугалимдин эскертүүсүн кулак сыртында калтырган. Баланын жоругуна   жиндеген мугалим анын кулагынан кулакчынды жулуп алганда, ал үзүлүп кеткен. Ага жинденген  окуучу өзүн кармана албай, мугалиминин бетине уруп, интерактивдүү тактанын пультун сындырган.

Мугалимге "Тез жардам" чакырылып, биринчи жардам көрсөтүлгөн. Азыркы учурда мугалимдин ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүүгө чыккан.

Ал эми,  агрессивдүү окуучусу буга чейин эле жүрүш-турушу начар болгондуктан, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында каттоодо тургандыгы маалым болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости