www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Таанышың болсо таңкасың, таанышың жок болсо маңкасың" - дегендей, азыркы күндө таанышы менен тууганына таянып, "илюбой" кызматка барып отура алышат. Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, эл бийликтин ээси болбой жатканына токтолду. “Дос-туугандарды кызматка коюу илдетин токтотуу үчүн бийлик системин алмаштыруу керек. Эл бийликтин ээси болбой жатат. Элдин бийлиги шайлоодо гана көрүнүп, андан кийин ал бийлик соолуп калат. Жогорку Кеңеште элдин өкүлү жок. Мындан улам элдин алдында эч ким отчёт бербей жатат. Эл бийликтин ээси болгондо гана, бийликтегилер өздөрүнүн жакындарын кызматка алып келгенге барбай калат”, - дейт Чолпонбаев.
Белгилей кетсек, бүгүн "Эл аралык Манас аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалды. 3-декабрда «Манас эл аралык аэропорт» ААКтын башкармалыгынын жетекчиси Эмир Чукуев отставкага кеткен. Маалыматка караганда, аэропорттун директорлор кеңеши кечээ кезексиз жыйынга чогулуп, анын жыйынтыгында Эмир Чукуев өз каалоосу менен кызматынан бошотулган болчу. Эскерте кетсек, буга чейин жетекчинин милдетин аткаруучу болуп «Манас эл аралык аэропорт» ААКтын инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын башчысы Абдималик Бусурманкулов дайындалганы маалым болгон.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg