www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасында коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу маалыматты өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Ага кошумча өкмөт башчы баардык чек аралар тыкыр көзөмөлгө алынды деп билдирди. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген. Ыкчам штабдын мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, алар менен ыкчам маалымат алмашып турушат.

Бүгүнкү күнү өлкөдө Кытай Эл Республикасынын аймагында чыккан коронавирус учурлары катталган эмес.  

Саламаттык сактоо министирлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын декабрынан тарта жаңы вируска чалдыгуунун биринчи учурлары катталгандан бери адистер тарабынан тийиштүү алдын алуу жана даярдык көрүү иштери жүргүзүлгөн. 

Коронавирусту өлкөгө алып келүүгө жол бербөө жана кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында, Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда оорунун белгилерин өз убагында аныктоо максатында вирустун болушун текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулган. Санитардык-карантиндик пункттун адистери дене табын өлчөгүч менен Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына жана үчүнчү өлкөлөргө келгендерди текшеришүүдө.

Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасында республиканын аймагынан коронавируска чалдыккандар аныкталган шартка үч палата даярдалган. Дарыгерлер үчүн зарыл болгон коргоочу каражаттар сатылып алынды. Бул чаралар аталган вирустан жабыркагандарды башка бейтаптарга аралаштырбоо максатында көрүлүүдө.

Ошону менен бирге адистер коронавирусту буюмдар, мисалы почта менен жиберилген нерселер аркылуу жуктуруп алуу мүмкүндүгүн ырасташпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости