www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ашууларда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт.
ӨКМден билдиришкендей, 31-марттан 2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү кооптуулугу жогору.
Кооптуу тилкелердин тизмеси:
Бишкек-Ош жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу), 198-255-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 292-305-чакырымдары (Долон ашуусу);
Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолунун 201-349-чакырымдардын аралыгы (Көк-Арт ашуусу);
Каракол-Эңилчек жолунун 45-90-чакырымдары (Чоң-Ашуу).
Айдоочулардын эсине:
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот жана кар күрткүсү күтүлөт. Кырсыктардын алдын алуу үчүн унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты так сактоо зарыл.