www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Мурат мырза, 24-ноябрда болуп өткөн Курултайдын чечимин колдойсузбу?

-Негизи биз болуп өткөн Курултайдын чечиминин легитимдүүлүгүн караардан мурун, ушул “Курултай өзү легитимдүүбү?”,- деген суроону чечип алышыбыз керек! Барыбызга белгилүү болгондой мамлекеттин ичинде ар кандай кыймыл, жыйын-жүрүштөр мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Конститутциясына шайкеш келгенде гана легитимдүү,- деп толук кандуу айтсак жарашат.

Албетте, бул жагдайды жанакы “делитант” болмуш болгон уюштуруучу “азуулуу” агалар бул жагдайды  жакшы билишет. Бирок, атаңдын көрү каныбызда бар эмеспи, болбой эле кыргызчасынан “боло берет турмушта, “осебенно” кыргызда”,- деген бойдон бульдозерчосунан сүрдүртүп, урдуруп кете беребиз да... Болуптур, биз деле кыргыздык айкөлдүгүбүз менен бул кемчиликтерге деле көңүл бурбай эле Курултайдагы “эл чечти”, деген такликти кичене талдай кетели.

“Эл” деген түшүнүк бул өзү “абстрактуу” түшүнүк. Мен деле Кыргызстандын бир жерине бир үч жүз адамды жыйнап алып, “биздин №1 Курултайыбызда, Эл ушундай чечимге келди, биздин резолюциябыз, чечимибиз ушул!”,- давай аткаргыла десем жарашабы..?

Мына пародокс... Мындан ары мындай жыйындар. Курултайлар мыйзамдуу делинип, ар кай жерде өткөрүлбөйт дегенге ким кепил боло алат? Ага да мейли, ...“кол тийбестиги алынсын!”, -деген резонанстуу чечим чыкты, бул туура!

Бирок “камалсын”,-дегендин бирөөсү, ошол досун, мас болуп туалетте отурган жеринен “көчүгүн” дагы жакшылап аарчыбай сүйрөп келип такка отургузуп коюп, ячейкаларда тонолгон акчалардын тыптыйпыл жоголушуна көз жумуп, көмөкчүлүк кылып, дагынкысы, ошол учурда чоң кызматына таянып, “Кумтөр элге өтсүн”,- дем кыйкырып чыккан жаштардын оозуна кум тыгып, сабап каматып, - беркиси, кыргыздын душманы мыйзамдагы ууруна аттап тондоп качырып, жалпы эл алдында кыйыр түрдө болсо да күнөөгө батышса да ошол айыптарын сезишпегендиктерине таңмын! Чыны бул адамдар Курултайдын башталаар алдында камчыларын моюнга илбесе да, баштарын ийип, ошол “кол тийбестиги алынсын” деген адам менен чогуу күнөөлүү болуп калышкандыктарын ачык айтып, элден кечирим сурап туруп анан жогурудагыдай чечимге демилгечи болушса кичене адамкерчиликтүүрөк болмок!

Мен билгенден Курултайдын президиумунда отургандардан жалгыз К.Дүйшөбаев гана убагында элден кечирим сурап азаматтыгын көрсөткөн! Жыйынтыктап айтканда мыйзам тарабынан укугу жок, кезектеги курултай өтүп, укуксуз чечимдерин чыгарышып, өзүнүн чечими менен “канааттандыраарлык эмес” иштеген деп чечим чыгарган Жогорку Кеңештен жана сот прокуратурадан “укуктук баа бер берилсин!”,- деп укуксуз вердик коюшту, калганын мезгил өзү көрсөтөт...Эми мындан аркысы мыйзам чегинде болуп, ушу Курултай маселесин атам замандан бери көтөрүп жүргөн Кадыр Кошалиев аганын эмгегинен майнап чыгып Кыргыз Курултайы мыйзамдык укукка ээ болуп, Кыргыз Республикасынын баш мыйзамына кирип калышына ниет кылалы. Ошондо гана курултайлар азыркыдай “Бекназаровдун №1 Курултайы”,-деп аталбай Жалпы Кыргыз Элинин №1, 2, 3... Курултайы, деп аталып калат буюрса!

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости