www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылы Жалал-Абад шаарында капиталдык курулуштардын көлөмү өткөн жылдагыдан кем болбойт. Шаарды инфраструктуралык жаңыртуу багытында көлөмдүү иштер аткарылат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди.

Шаар мэриясынан алынган маалыматтарга караганда, өткөн жылы Жалал-Абад шаарында жалпысынан 147 миллион сомдук инфраструктуралык жакшыртуу иштер жүрүп, анын баары жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Шаар тарыхында эмес, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы биринчи жер асты өтмөгү курулуп, пайдаланууга берилген. Шаардагы негизги деп эсептелген эки көчө кеңейтилип, ондогон тротуарлар курулган. Ондогон көчөлөргө асфальт басылып, жаңы мектеп эшигин ачса, бир катар балдар бакчаларына, медициналык мекемелерге кошумча имараттар, мектепке спорт залы камсыздалган.

-Биз быйылкы жылы шаарды инфраструктуралык жактан жаңыртуу иштерин өткөн жылдагы көлөмдөн азайтпайбыз, жаңы имараттар курулат, көчөлөр кеңейтилет, борбордук көчөгө дагы бир жер асты өтмөгүн курабыз. Курула турган тротуарлар бар, ушунун баары жергиликтүү бюджет аркылуу аткарылат,  - деди шаар мэри М. Тагаев.

Эскерте кетсек, союз мезгилинде 40-50 миң кишиге ылайыкталып курулган Жалал-Абад шаарында азыркы кезде расмий 120 миңдей, ар кандай маалыматтарга караганда 170 миңден ашуун киши жашайт. Шаардык инфраструктураны жаңы шарттарга ылайыктоо зарылдыгы курч.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости