www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурунку президенттин уулу Сейид Атамбаевге атасы менен жолугушууга уруксат берилди. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымында, камакта отурган мурдагы президент жубайы Раиса Атамбаева менен кичүү уулу Кадыр менен да жолуккан.
“Атамбаевдин абалы жакшы. Ал эч нерсеге нааразы эмес. 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясынын кылмыш ишинин материалдарын изилдөөгө кириштим. Мен экспертизанын жыйынтыгы менен жарым-жартылай таанышып чыккам. Психиатриалык экспертиза боюнча азырынча эч нерсе айта албайм. Мен жыйынтыгын көргөн эмесмин”,-дейт Сергей Слесарев.
Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сегиз эпозодго шектелип жатат.
Булак: NazarNews.kg