www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мынча уятыңыз жок гүбүрнатор аяш ава

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаевди ажы десең ажы, беш маал намаз окуйт десең окуйт. Айтор атка минерлердин алдыңкы эле "сопусу" ушул адам.

Маалым болгондой өткөндө президент Оштогу санарип боюнча жыйында сүйлөп жатканда Жалал-Абад, Баткендин губернаторлору баш болуп, кашайып эле уктап калганын жалпы калк ЖМК, интернеттен көрдү. Уктап турганы укмуш эле көрүнүп турат.

"Бир-Болдун" лидери Алтынбек Сулайманов ал уйкучуларды кызматтан алуу маселесин көтөрүп чыкканда, Дыйканбаев ЖКдан уялбай турул эле: "Президенттин жыйынын биз карап чыктык, эч ким уктаган эмес" - деп айтты. Эл жакасын кармады. Ошол жерде уктагандардын айрым абийирдүүлөрү деле Кудайдан коркуп:"көзүбүз илинип кетиптир"- дешмек.

Ал эми ал жыйында жакшы эле берилип уктап жаткан Баткен губернатору  Акрам Мадумаров деген неме да "кагаз карап жаткам" - деп кара-жанын жеп, уктаганын танып чыкты. Чынында ал кагазды түшүндө карап жатса керек.

Булак: Багыт.кж

Последние новости