www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты жана вице-спикер, коомдук саясый ишмер, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти Надира Нарматова учурдагы саясый кырдаал боюнча NazarNewsg маалымат агенттигине мурдагы президен Курманбек Бакиев тууралуу ачуу чындыгын айтты.

Туура келсе, келбесе деле бирин бирине чаптап, божомолдоп көзү ачыктык кылып, Президент Жээнбековду баш кылып, калгандарын жармаштырып алып, каралаган, жалаа жапкан, курулай күнөөлөгөн оюндарды токтотпойсуңарбы?! Бакиевдин тасмасында эч кандай саясат, коомго тескери пикир жараткан мазмун жок. Болгону балалык, классташтык, достук, сүйүү, Кыргыз тарыхы менен байланыштуу басып өткөн эмгек жолу, оор кырдаалдарда жашоого болгон күрөш, үмүт, адамдык сапаттын кечиримдүүлүгү, көтөрүмдүүлүгү, сабырдуулугу адамгерчилик сапаттарды даңазалаган көрүнүштөр. Каалайбызбы, каалабайбызбы Бакиев Кыргыз мамлекетинин экинчи Президенти болгон.

Бакиевдин басып өткөн жолу Кыргыз мамлекетинин тарыхы менен байланыштуу. Тарыхты эч ким өчүрүп сала албайт. Тарыхты эскерүү күнөө же кылмыш эмес. Ким канкор, ким таза тарых тастыктайт. Ал суроо он жылга жакын убакыттан бери ачык жоопсуз келет. Бакиевдин даректүү тасмасына Жээнбековдун, Ташиевдин, Келдибековдун кандай тиешеси бар? Божомолдоп жармаштырып каралай бергенден бир майнап чыгабы?

ТВдан көрсөткөн эч кандай мыйзам бузуучулука жатпайт. Түрмөдө жаткан адамдардын билдирүү, кайрылуулары деле ММКлар аркылуу жарыяланып эле журбөйбү. Бакиев тасмасын көрсөтүп койсо эле,жетип келейин деген оюу жок болсо керек. Ал маселени коомчулук жакшы билет. Бакиев эл аралык сот аркылуу соттошуп, негизги күнөөлүүлөрдүн мойнуна күнөөсүн коюп, күнөөсүз экендигин мыйзамдуу соттошуп,өзүнүн актыгын далилдеп туруп, анан келиши мүмкүн экендигин, коомчулук жакшы билет.

Анткени Кыргызстан менен соттошууга, күнөөсүз экендигин далилдөөгө кызыкдар экендигин Бакиев ММКларга берген маектеринде өз сөзү менен айткандыгын ММКлардан коомчулук көрүп келишет. Көрсөтүлгөн тасмадан эч кандай улут аралык араздашууну күчөтүүгө май тамызуучу же тескери көз караштарды жаратуучу,бирөөнүн укугун тебелеген, мазмундар жок экендигин бүт коомчулук аңдап билип турат. КАЙТАР ДҮНҮЙӨ деген бар. Кудайым көзүңөргө сайып көрсөтүп жатса деле ТООБА КЫЛБАЙ, ҮЙРӨНГӨН АДАТ КАЛАБЫ, УЙГА ЖҮГӨН САЛАБЫ-дегендей, тынч жаталбай, дүүлүгүп, телпеңдей бергенди токтотуш керек го.

Бөйрөктөн шыйрак чыгарып, трайбалисттик оорусу кармап, ар кимге бир чаптап, ийгилике жетишем дегендер жаңылышат. Бардык нерсеге Кудайдын таразасы бар. Кудайдын таразасы адашпайт.

Жээнбеков, Ташиев, Келдибеков Бакиевдин даректүү тасмасы үчүн эмнеге кадыр-баркын кетирмек эле. Ар биринин коомдо өз орду бар. Кичине Кудайды карасак болот эле. Колтугунда котур ташы бар бир топ күнөөсү бар адамдардын уйкусу качып жаткан болбосо, негизинен көпчүлүк элдин бөлүгү туура эле кабыл алып, Бакиевдин 70 жылдык маарекесине арналган тарыхый даректүү тасмасындагы окуяга келишүүчүлүк менен мамиле кылгандыгын, көпчүлүк кыргыз журтчулугу Бакиевдин ким экендигине оң көз менен карап кабыл алгандыгын, ММКлардагы коомчулуктун комментарийлерден жазган пикирлери, ойлору, билдирүүлөрү, каалоолору реалдуу жашоонун чындыгы экендигин кайда алып барабыз?

Бир топту же бир, эки адамды тыюу салууга мүмкүн, көпчүлүк элдин пикири менен эсептешип жыйынтык чыгарууга туура келет. Көпчүлүктүн пикири учурдагы акыйкат. Күчкө салып, тыюу мүмкүн эмес экендиги тарыхтын сабактары далилдеп келет. Бул тарых. Сыртынан соттолгон киши болгон чакта да Кыргыз тарыхындагы окуяны өчүрүп салууга аны көрсөтпөөгө тыюу салынган, мыйзам же көрсөтмө жок.

Экинчиден Апрель батырлары жана Сурабалдиева, Бекешов окшогон депутаттар Бакиевдин даректүү тасмасын көрсөткөн ТВларды жаптырганды талап кылып, митинге чыгып кыйкырабыз дегенден көрө, Бакиевди тек коюп, оо, Кой Таштагы мыйзамсыз аракеттерге, Кой-Таш элдик республикасы деп, мамлекет ичинде мамлекет куруп, күндө бирден бир нерсени балп эттирген, бийликке акаарат кылган, элди бөлүп жарган, оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан эл бузарларга, көңүл бурсаңар жакшы болмок. Жөн эле өз ишин жасап жүргөн адамдарга таш ыргытпастан, деди Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости