www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын Нарын облусуна жумуш сапары учурунда, Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантаарын айткан. Бул  тууралуу маалыматты Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражаты каралды.  Учурда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документациясы даяр.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу корпусу бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар билим алууда.

Вице-премьер-министр жумуш сапарынын алкагында Кочкор, Ак-Талаа жана Нарын райондорундагы авариялык абалдагы мектептерди көрдү. 

Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова Кочкор районундагы Кара-Мойнок жана Дөң-Алыш айылдарындагы жаңы мектептердин ачылышына катышты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтү авариялык абалдагы мектептер боюнча маселени жакынкы жылдары чечүү милдетин койгонун кошумчалады.

Маалымдама:

Учурда жалпы Нарын облусу боюнча 18 объекттин курулуш иши жүрүүдө, анын ичинде Ат-Башы районунда 2 бала бакча, Ак-Талаа районунда – эки мектеп жана бир кошумча курулуш, Жумгал районунда үч мектеп жана 1 кошумча курулуш, Кочкор районунда – төрт мектеп, 2 кошумча корпус, 2 спорт зал, Нарын районунда спорт залдын курулушу жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости