www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кезде Нарын облусунда  Сабырбек Сардарбекович зам губернатор болуп иштеп турган кезде, акимдерди Белоруссияга алып барып, алардын иш аракеттери менен жеринен таанышып, анан ал жактан эки иштен бир иш деп, трактор заводу менен келишим түзүп, Нарынга болгон трактодун тетиктерин алып келип, трактор чогултуу заводун ачуу үчүн бир пикирге келип, ишке аша турган келишим түзүп келгенде, губернатор иштен кетип, ордуна шайланган Аманбаев губернатор болуп келип, кашайып иштен алып салып бул иш аягына чыкпай калган болучу.

Ал кезде Нарын облусунун губернатору Канат мырза  болучу. Аттиң, иштин көзүн билген кишилер ишсиз жүрсө, колунан келбеген ишке кор болуп, кызмат ордун сатып алгандар эч иш бүтүрө алышпай, өлкөнүн экономикасын артка тартып жаткандары карандай чындык.

 Эгер Сабырбек мырзанын иш аракети орундалып калган болсо, кытайдын сапатсыз тракторуна кор болбой, трактор бизден чыгып, арзан техникалуу болмок эмес белек. Албетте иштин көзүн билген киши “жок” деп олтура бербей аракет кылат. Сабырбек мырза жасай турган иш ошентип ишке ашпай жетим калып, анын ордуна келген кызматкер баягы “каражат жок” деген шылтоону бетке кармап, оозун ачып олтурат. Бул эми кадр тандоодогу кемчилик экенин жашырганга негиз жок нерсе.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости