www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашоонун ырахатын, тирүүлүктүн кадырын билүү үчүн акча, байлык зарыл эмес деп келебиз. Ал эми маектешим Назгүл үчүн бактылуу жашоого акча, байлык турсун адамдын азиз болушу деле жолтоо болбогондой. Себеби ал ѳзүнүн кѳзү кѳрбѳгѳнү аз келгенсип жолдошу да азиз.

Ошого карабай бул үй-бүлѳ адамдык жакшы сапаттарын булгабай, балдарынын алдындагы ата-энелик чоң жоопкерчиликке олуттуу карап, келечекке арканды алыс таштап жашап келишет. Кѳзү кѳрүп, бирок сокур кылбаган ишти кылган наадандарга караганда азиз болсо да алдыга умтулган бул адамдар менен маектешүү мага кубат бергендей болду.

«Атам аракет кылганы менен кѳзүм кѳрүп кеткен жок»

- Түпкү тегим Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы району болот. Жашым 26да. Үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсүмүн. Ата-энем көзүмдүн көрүүсү начар экендигин бир жашымда билишиптир. Атымдан чакырышса башка жакты карап, басып баратып бир нерселерди сүзүп, жыгылып калчу экенмин. Ошондо гана ата-энем тынсызданып ооруканага алып барышат. Бирок доктурлар: «Азыр кичинекей, чоңойгондо алып келгиле», - деп кетирип жиберишет.

Ошону менен жүрө беришип жети жашымда кайрадан ооруканага кайрылышса, өтүшүп кеткендигин айтышыптыр. Көрсө, мен жети жашка чыкканча оору биринчи көздөн экинчи көзгө өтүп, көздүн кан басымы пайда болуп глаукомага айланып кеткен экен. Доктурлар кеч болуп калганын айтканына карабай атам илгери үмүт менен мени борборго алып барып эки ирет операция жасаткан.

Операциялар ийгиликтүү өтүп, көзүм көрүп калган. Бирок бул кубанычыбыз болгону үч күнгө созулду. Үч күндѳн соң көзүмдүн кан басымы кайрадан көтөрүлүп, таптакыр көрбөй калдым. Кудайдын буйругу экен деп тагдырыма баш ийүүгѳ аргасыз болдум.

“Азиздер ааламды кандай кѳрүшѳт?

- Кичинекей кезимде эжелерим эшикке жетелеп чыгып ойнотуп келишчү. Өз алдынча басып ойноп жаткан балдарды укканда эмнеге алардай эмес экенимди ойлоп,жашоомо нааразы болгон күндөр көп эле болгон. Бала күнүмдѳн көп наркоз алгангабы, кичинекей кезимде кандай кыз болгом, эмне менен алек болчумун, кандай кызыктуу же кайгылуу окуялар болгонун азыр эстей албайм. Үч күн көрүп калганда деле айлана-чөйрөгө маани берип, кандай болорун карап албаптырмын. Кѳрүү мүмкүнчүлүгүнѳн ѳтѳ эрте ажырагангабы, элестетүү деген менде такыр жок.

Булак: "Леди.кж"

Последние новости