www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көйгөй жок жерден көйгөй жаратып, чиелештирип, оюбуздан каяктагы эле эрежелерди жаратып алып, ага баш ийип, кыйналып - кысталып, бактыбызды байлап жашайт экенбиз биз адам баласы. Бакыт жөн гана жашоого, көп нерсеге көз карашты оңдоодо эле экен көрсө.

Болор - болбоско ит атайыбыз тутулуп, болгон чачыбызды жулуп, жинди экенбиз. Мерген байкем айтмакчы, - Ну и штош, ай! - деп коюп жашай бериш керек окшойт.

Бала кезде "болбойтторду" көп айтканы үчүн мээбиз капаска түшүп, көнүп калган го. Башын бурсаң деле көнгөн жолго сала берет. Кул кылган эрежелер эркиндикти байлап салган. Кул болуп жашайбыз. Өзүбүздү кул деп атайбыз. Жашоонун кулу болгум келбейт. Шамал каякка айдаса, же агым каякка алып барса, тагдыр экен деп кете берген. Жашоомдогу ийгиликсиздерди, мүдүрүлгөнүмдү, жаңылганымды тагдырга шылтагандык - жоопкерчиликсиз!

Мен шефмин! Менин каалаганымдай жашоо болсун! Мээдеги түзүлүп калган кулпуларды, алып ыргытсам, коркунуч сезимин түп орду менен жоготосом, ишеним келип, күмөн кетсе, сонун болбос беле? Бала чагымдагы коркуусуз, күмөнсүз кыялданган кыялдарым, максаттарым ишке ашты. Азыр эмнеге болбосун?

Азыр акыл иштейт дароо. Акыл коркунучту, күмөн саноону жарата баштайт. Эки дос кыйроого алып келет. Балача, ойлонбой, үркпөй кыялданганды кайра үйрөнүүм кажет. Чын жүрөктөн күлгөндү, кабатыр болбогонду, чын дилиңен баладай сүйгөндү башынан жадыбалдай жатташ керек болуп турат. Анткени баладай таза жашоо жеңил!

Назира Айтбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости