www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги теле алып баруучу, ар кандай ролдордун ажарын ачкан сулуу, талантуу актриса Назира Айтбекованы кепке тартып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

--Назира деген ким? Ал кандай жашоодо жашагысы келет?

--Назира деген жөнөкөй, карапайым кыз. Ал татыктуу, кызыктуу, маңыздуу жашоодо жашагысы келет. Дүйнөнүн эң таттуусу, эң сонуну мага арнаганды жакшы көрөм. Келечекте өзүмдү элеганттуу, иш үстүндө, бактылуу, жан дүйнөсүндө тынчтык орун алган аял катары элестетем. Өзүн карап, өзүн сүйүп, татыктуу алып жүргөн аялдарды аябай сүйөм. Өзүмдү ошондой элестетем. 

--Келечекте кандай адамдын жубайы болгуңуз келет?

--Жар күтүү темасында элестөөлөрүм тунук боло элек. Өзүмдү, так, даана элестетем. Бирок, эмнегедир турмуш курган жагы эле окшошпой калат. Менин картинкамда эркегим жок негедир. Аябай кызык жери стол толо балдарымды элестетем. Бирок эркегимди элестетиш кыйын. Ушундан уламбы негедир акыркы мезгилде балдар үйүнөн бала багып алуу кыялым пайда болду. Балким, жөн гана көңүлүмдөгү адамга жолукпаганым үчүн ушундай деп аткандырмын. Негизи мен турмуш курчу адам менден күчтүү болушун каалайт элем. Ксения Собчак экинчи ирет турмуш курганы абдан өзгөрдү. Ал кадимкидей аял болуп калды. Жумшактык, көзүндө мээрим пайда болду. Ажары ачылып чыга келди. Анын азыркы интервьюларын көргөндө кадимки назик аял затын көрдүм. Аял татыктуу, күчтүү эркекке жолукканда гана жумшак, назик, сулуу болуп чыга келет экен. Жаныңда алсыз эркек турса, өзүң күчтүү, эркек сымал аял болот экенсиң. Сенин жан дүйнөңдө ким ойгонгону жаныңдагы адамдан көз каранды экен. Ошон үчүн менин аялдыгымды ойгото алчулар жолуга элек окшойт да. 

--Беш жыл мурдагы  Назира менен азыркы Назиранын айырмасы барбы?

--Мурунку Назира менен азыркы Назиранын айырмасы бар, албетте! Беш жылда чоңойдум кадыресе. Беш жылда жашоомдо көп окуя болду. Жашоо төбөдөн алып туруп эле силкип салды көрүнөт. Феникс сындуу жашоо күлүмөн жаралганды үйрөттү. Ар бир оор кырдаалда күч, акыл, тажрыйба кошулду. Көзүм көп нерсеге умачтай ачылды. Барган сайын ар бир нерсе өз ордуна отуруп келе жатат. Сыноо адамды өстүрүш үчүн, кийинки деңгээлге чыгарыш үчүн гана келет экен. Акыркы он жыл катуу сыналдым. Эт туурагычка ыргытып ийгендей эле сезим келди. Эми баш көтөрүп келе жатсам эле чокуга жейм. Бирок туура болду. Ал нерселер менен кадыресе чоңойтту.

--Фотосессияны тез-тез жасайсызбы?

--Эмнегедир фотосессияны чанда кылат экенмин. Чыгармачыл адам катары жок дегенде эле төрт сезондо төрт башка фотосессия жасасам, жакшы болмок. Сүрөткө убакыт жете элек. Өзүмөн колум бошой элек.

--Уулуңузга эң көп айткан сөзүңүз кандай сөз?

--Уулума эң көп айткан сөз: "Эркин бол. Жыргап жаша. Дүйнөнүн ар тараптан татып көр. Сен бактылуу болуш үчүн жаралгансың! Жүрөгүң менен гана эсептеш!" деген сөздөрдү көп айтам.

--Кандай тамакты жакшы көрөсүз?

--Аябай тамаксоомун. Бир муштумдай эле тамак жейм, бирок ар кыл даамды таткан жагат. Азыр эң көп жашылча - жемиш, балыкка ыктайм. Отуз жыл эт менен камыр, нан жедим. Азыр аларды жегим келбей калды. Чөп чарды, жаңы сыгылган ширени анан балыкты жантыгыман жатып алып жейм.

--Кайсыл гүлдү жакшы көрөсүз жана 101 роза берип, көңүлүңүздү бурдура албай убараланып жүргөндөр барбы?

--Гүлдү аябай жакшы көрөм, бирок гүл алсам да өсүп турган же корзинадагы гүлдөр болсо дейм. 101 роза алып көрбөптүрмүн. Эмнегедир жаныма эч кимди жолоткум келбейт. Жаңы жазып башташканда эле энергиясын сезем. Менден алсыз экенин байкап калсам эле блокко салып салмай адатым бар. Бирөөнүн жөнү жок убактысын алып, үмүт берип, сүйрөгүм келбейт. Жүдөп кетем. Оокат, көйнөк, буюм, шам-шаркыт албайм. Керектүүсүн гана алам. Анын сыңары жашоомдо да чектелүү гана адам бар. Жеке жашоом да, баары жогу иреттүү болуусун каалайм.

--Назира жумушту да тилиндей тыкылдатып, тез-тез кылабы?

--Назира кандай сүйлөсө,  жумушту да ошондой  келтирет. Съемкада, сахнада жоопкерчиликтүүмүн. Ар бир нерсени так, даана жасайм. Анткени, сүйгөн ишим. Чоң энем мага көп нерсе үйрөттү. Тазалыкты үйрөттү оболу. Энем тиккенди, курак кураганды жакшы көрчү. Анын жанында жүргөндө ийне колуман түшчү эмес. Дизайнерлик жакка ыктасам керек дечүмүн. Энем экөөбүз айрылганы дизайнер болмок турсун, көк ийнени көчүгүнөн түртпөй калдым. Үйдө көңүлүм келгенде кырып - жышымай. Негизи тазалыкты жакшы көрөм. Бирок, бирөө үчүн жасабайм.  Кааласам үйдү башыма киийп алам, кааласам жыйнайм. Эркиндикти сүйөм. Ошон үчүн бирөө менен жашагым келбейт. Жүдөп кетсем керек. Тамак жасаганды желкемдин чуңкуру көрсүн дечүмүн. Ушул карантин мени башка өңүттө ачты. Мен тамак жасаганды жакшы көрөт экенмин. Балам экөөбүз кухняны башыбызга кийип атабыз. Балам экөөбүз түндө туруп алып тамактанганды жакшы көрөбүз. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости