www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-августтан 21-августуна караган түнү жана эртең менен Нидерландынын үч шаарында - Гаага, Амстердам жана Влардингенде жардыруу болду. Бул тууралуу NU билдирди.
Турак жай имараттары, дүкөн жана автоунаа жабыркаган.
Биринчи жардыруу Гаагада түнкү саат бирлерде болгон. Полициянын маалыматы боюнча, унаанын кузовунун ылдыйкы бөлүгү жана эшиги күйүп кеткен. Өрт өчүрүлүп, жабыркагандар жок. Полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.
Саат 02:30дар чамасында Влардинген шаарында жарылуу болду. Бул жардыруудан да эч ким жабыркаган жок, бирок шаардын борборундагы бут кийим дүкөнүнүн эшиги жабыркаган.
Амстердамда биринчи жардыруу эртең мененки бешке жакын болгон. Болжол менен эки сааттан кийин окуя болгон жерден бир нече квартал алыстыкта экинчи жардыруу угулган. Полиция эки окуянын байланышы бар-жогун иликтеп жатат. Турак жай имараттары жабыркаган, бирок жабыркаган адамдар жок.
Нидерландынын полициясынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан июль айына чейин өлкөдө 303 жардыруу болгон. 2022-жылы Нидерландыда 325 жарылуу катталган.
Полиция жардыргыч заттарды көбүнчө баңги зат сатуучулары чыр менен колдонгонун, ал эми жардыруулар көбүнчө кошуналар ортосундагы чыр-чатактар, жаштар топторунун ортосундагы конфликт жана жеке чыр-чатактар менен байланыштуу болгонун билдирди.
Булак: NazarNews.kg