www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 2026-жылдын 30-мартындагы тескемелерине ылайык, Максутов Нурлан Болушбекович жана Маманов Нурлан Осмонович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп дайындалышты.
Бүгүн, 31-мартта, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Салык кызматынын жамаатына жаңы орун басарларды тааныштырды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башка тескемесине ылайык, Джиенбеков Бакыт Муратович жана Рахманов Мирлан Абдибаитович Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.