www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атым Нурмат, Көлдүн тургуну болом.Үйдө алты бир туугандын ортончусумун. Айылда жумуштун жоктугунан ары-бери урунуп жүрүп акыры Орусияга барып иштемей болдум.Алгач жарытылуу жумуш таппай жүдөп жүрүп эмерек жасаган цехке кирдим.Балдар менен баш көтөрбөй беш күн иштеп, эки күн эс алабыз.Акырындан акчанын даамын татып, үйдөгүлөргө тыйын салып, үстү-башымды оңдоп тыңый баштадым.Эс алуу күндөрү дүкөн кыдырып, шаар аралап мээ сергитебиз. Ушундай күндөрдүн биринде кийим саткан дүкөндө сатуучу болуп иштеген Нуриса менен тааныштым. Үлбүрөгөн назик, сыпайы жан менин жүрөгүмдү арбады. Ага тартылып, улам берилип бараттым. Жумуштан чыгып дүкөндү көздөй бут шилтейм. Бир көрүп, учурашып кетпесем сагынып кетем. Жарым жылдан ашуун байке катары барып жүрүп, мамилебиз сүйүүгө айланды. Нуриса бир үйдүн кичүү кызы экен. Орусияга келгенине үч жыл болуптур. 18 жашында ала качып кетип, жарым жыл жашагандан кийин оту күйүшпөй ажырашып кеткенин жашырган жок. Бул кабар менин жигиттик намысыма тийип турганы менен Нурисага болгон сезимим үстөмдүк кылды. Мейли дедим, кол шилтеп. Эң негизгиси бири-бирибизди сүйөбүз, калганы чечиле турган маселе деп ойлодум. Жашым өтүп бараткандыктан үйлөнөм деген сунушумду айылдагылар кубанып кабыл алышты. Алар тойго даярдык көрүп, мен иштеп тапкан акчамды чогултуп күз айларына туштап сүйүктүүмдү жетелеп барып калдым. Келининин башына ак жоолугун салып, ата-энебизден бата алдык. Нурисанын ата-энесинин шарты жок болгондуктан азырынча ачуу басарына барып алдынан өтүп коюп, чоң тойду кийинки жылга белгилегенбиз. Ал эми мурун турмуш курганын, үч жашар кызы бар экенин башында эле эч кимге айтпайбыз деп макулдашып алганбыз.

Ызы-чуунун баары атамдар ачуу басарга барып келгенден кийин башталды. Кудаларынын үйүнө барып сый көрүшүптүр, эки тарап таанышып, жээк-жаатын сурашып башында жакшы эле отурушуптур. Сыртка чыкканда короодо ойноп жүргөн кызды көргөн атам кимдин кызы экенин сурайт. Нурисанын байкесинин 10 жаштагы баласы “Нури эжекемдин баласы” дептир. Ошол жерден атам сыртынан сыр бербегени менен аягына чейин түнөрүп отурганын ачуу басарга чогуу барган жездем айтып келди. Келээри менен:“Эрден чыккан жубанды эмне эле жаш кыздай кастарлап алды дейм да. Ачуу басарга 50 миң сом бердирткенин айт! Той эмес эми сага атаңдын башы да жок”,-деп болушунча каарын төктү. Атамдын ачуу сөздөрү менден да аялыма катуу тийди. Апамдан башкасынын баары “эмне, кызы бар экенин билген эмес белең?”,“сени алдап тийдиби?”,“башка кыз таппай калдыңбы?”,“бул сенин башыңды айландырып алган тура” деп туш-туштан көр жемеге ала башташты. Шибегени капка ката албаган сыяктуу экөөбүздүн сырыбыз чоң чууга айланды. Ошону менен той тууралуу сөз да, жаңы келген келиндин каадасы да токтоду.

Жубайымды жакшы сөз менен жубатып, мээримге бөлөгөнүм аны үйдөгүлөрдүн каарынан сактады окшойт. Эжелерим жаман көзү менен карап, атам үңүрөйүп кабагын ачпаган соң шаарга бөлүнүп батирге чыгып оокат кылабыз деп келе бердик. Өзүнчө жашап, кулак-мээбиз тынчып калды. Бирок бул жакта жашаган байке-жеңелерим, эки эжем бизди жайыбызга койгон жок. “Катының антти, кумсарып кабагын ачпайт, барсак жактырганы,жактырбаганы билинбейт” деп мээмди жей жеришти. Кайраштыра беришкенинен ызама чыдабай аялыма кызуу болуп келип колум да тийди. Байкушум,тил кайрып же кыялын көрсөтсөчү. Андайда кайра өзүм уялып, көзүнө көрүнгөндөн тартынаар элем.

Азыр жашообуз бирде тынч, бирде уруш менен уланып келатат. Туугандарым аралашпаса тынч жашап калабыз. Үйгө келип кетсе кийин сөзсүз уруш чыгат. Кылдан кыйкым тапкан туугандарым менен аялымдын ортосунда чайналып бүттүм. Келинчегимди сүйөм, бирок туугандардын “баласы бар немени алдың, ушул сени жыргатмак беле” деген сөзүнөн ниетим бузула түшөт. Кызы деле бизге жүк болгон жери жок. Ата-энесинин атына катталып, ошолор багат. Келинчегимдин мурда эрден чыкты деген аты эле болбосо,кызга бергис жубан. Акыркы күндөрү саанааркап жүрүп боюнан да түшүп калды. Буга да айланасындагы сөздөр себепкер болгонун билип турам. Канткенде келинчегим менен бактылуу, туугандарым менен ынтымакта жашайм?

Кээде ээрчитип алып көз көргүс жакка кетип калгым келет. Бир жагынан апамды кыйбайм. Анын күн алыс чалып биздин абалыбызды сурап тургандан башка зыяны жок. Атамдын каарынан коркуп айылга да көп каттабайбыз. Туугандар менен жолукканда кеткиче шашабыз. Дагы бир нерсе деп Нурисанын көңүлүн кирдетпесе экен деп кыйпычыктап турам. Мындай жашоодон жүдөп бүттүм. Туңгуюктан кантип чыгам жардам бериңиздерчи?!

Булак: "Lady.kg"

Последние новости