www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэринин орун басары Алмаз Бакетаев шаардык кеңештин кезектеги жыйынында канча айлык акы алаарын айтты.
Анын айтымында, ал айына 70 000 сом айлык акы алат жана бул дагы аздык кылат.
«Жогору төлөнгөн айлык акылар мыкты кадрларды кармап калууга жана кызматкерлер ортосунда атаандаштыкты жогорулатууга шарт түзөт. “Буга чейин мамлекеттик кызматкер иш жөнүндө эмес, кимден карыз алып турсам, кайсы жерге тамакты карызга жаздырсам экен” деген көйгөйлөр менен алпурушуп, 12 000 сом айлыкка иштей албай көпчүлүгү иштен кетип калышкан. Мен айлык акыны мындан да көбүрөөк көтөрүүнү туура деп эсептейм, бирок, албетте, азыр андай мүмкүнчүлүк жок», - дейт вице -мэр. Анын айтымында, мурда мындай айлык акы болгон эмес, бирок, ар кандай кошумчалар менен баары бир 60 000 сомго чейин алышчу.
«Азыр биз ал кошумчалардын баарын алып салып, тек гана айлык акыны көтөрдүк. Учурда мен 70 000 сом айлык алам», - деди ал жыйында.
Булак: NazarNews.kg