www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда рулдук башкаруусу оң тараптан сол тарапка которулуп кайра жабдылган автоунааларды мыйзамдаштыруунун тартиби өзгөрдү.
Тиешелүү өзгөртүүлөр Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди.
Документке ылайык, мындай унааларды легалдаштыруу үчүн алардын техникалык абалы боюнча атайын корутунду талап кылынат.
Техникалык экспертизаны ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борборунун аккредитацияланган органы жүргүзөт.
Экспертизанын жыйынтыгында автоунаанын техникалык абалы боюнча корутунду берилет.
Эгер унаа коопсуздук талаптарына жооп бербесе же экспертизанын жыйынтыгы терс болсо, аны мыйзамдаштырууга жол берилбейт.
Ошондой эле рулу оң тараптан сол тарапка которулган автоунааларды жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга байланышкан ишкердикте пайдаланууга тыюу салынат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди.