www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өкмөт, айрыкча жергиликтүү бийлик жер-жерлерде милдетин так аткарбай жатат." Өкмөттүн отставкасын талап кылыш керектигин Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова бүгүнкү жыйында билдирди.

Анын баамында, социалдык жактан коргоого муктаж кесиптин ээлери болгон медицина кызматкерлери жана педагогдордун көйгөйлөрү чечилбей жатат. “Алардын айрымдары жатаканадан бөлмө алышат, ал жерге жада калса балдарын каттаттыра албайт экен. Бул акыйкатсыздык. Бул маселени чечүү үчүн мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Ал жерге депутаттарды дагы кошууну өтүнгөнбүз, бирок, биздин өтүнүчтү четке кагышты. Чиновниктер жер-жерлерде эмне деп айтып жатат, билесиздерби? Депутаттарды укпагыла, алар жакында кетет деп жатышат. Андыктан, өкмөттү кетирип, жаңысын дайындашыбыз керек. Октябрга чейин убакыт бар” – дейт ачууланган депутат Евгения Строкова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости